, 08:20

Жаңылыктар

26.12.2024

Кароолор: 39

Айтматов районунда 65 миң сомго балаты орнотулду

Талас облусунун Айтматов районуна 65 миң сомго балаты тигилди. Бул тууралуу Айтматов райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Мирбек Акымбеков билдирди.

Анын айтымында, балатынын узундугу 12 метрди түзөт.

«Жасалгасына 50 миң сом жана балатыны алып келүүгө 15 миң сом кеткен. Район тургундарына жаңы жылдык жакшы маанай тартуулоо максатында балатыбыз атайы салтанаттуу жандырылды», - деди ал.