, 08:29

Жаңылыктар

26.12.2024

Кароолор: 33

Таласта окуучуларды коркуткан жырткычтарды тайгандардын жардамы менен кармап жатышат

Талас облусунун аймагында мергенчилер карышкыр, чөөлөрдү жок кылуу максатында атайын тайгандар менен рейд уюштуруп жатышат. Бул тууралуу кабарчыга жаратылыш коргоочусу Мухаммед Орозбаев билдирди.

Маалым болгондой, жырткычтар айыл элине тынчтык бербей келишкен.

«Бизде таңга маал караңгы учурда алыс жактан мектепке барган окуучулар "чөө чыкты" деп коркуп кайрылышкандар болду. Ошону алдын алуу максатында атайын тайгандар менен рейд уюштурулуп, Айтматов районунан 2 чөө, Талас районунан 1 чөө тайгандардын жардамы менен кармалды», - деп билдирди.